# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 591
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157887>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20643/edition/1077497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157887.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (18.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157887

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 2-декабры № 591 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын тизмегинде: "Атайын форма кийими" бөлүмүндө:

- төртүнчү абзацындагы "(Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун кызматкерлеринен тышкары)" деген сөздөр алып салынсын;

- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы"; "Ведомстволук форма кийими" бөлүмүндө:

- үчүнчү абзацындагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
