Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча „Мамлекет платформа катары“ пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 апреля 2025 года № 238 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 25-февралы № 113 Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 62, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында колдонуучуга багытталган санариптик платформаларды жана тейлөөлөрдү ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
1) 2020-жылдын 11-мартынан 31-декабрына чейинки мезгилде "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашырсын;
2) пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;
3) пилоттоштуруунун катышуучуларынын реестрин түзсүн жана дайым актуалдаштырып турсун;
4) пилоттук долбоорду ишке ашыруу жана пилоттук долбоордун алкагында жеткиликтүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү санариптик формада пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин жүргүзсүн;
5) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер менен бирдикте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
6) пилоттоштуруунун катышуучуларына жеке мүнөздөгү маалыматтардын Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилишине мамлекеттик санариптик платформанын деңгээлинде мониторинг жана контроль жүргүзүүнү камсыз кылсын;
7) (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 62 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 62, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- 2021-жылдын 1-мартынан тартып 30-июнуна чейинки мезгилде "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашырууну улантсын;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда 2021-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик санариптик платформа аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүүнүн тартибин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 62, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилине төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө суроо-талап берген колдонуучуларды техникалык колдоонун убактылуу тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30 (3102) жарыяланды
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Порядок · 25.02.2020 · № 113 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө суроо-талап берген колдонуучуларды техникалык колдоонун убактылуу тартиби…Порядок · 25.02.2020 · № 113 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана…Постановление · 26.02.2021 · № 62 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2025 · № 238
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана…Постановление · 26.02.2021 · № 62 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.