# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июнундагы № 310 "Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июнундагы № 310 "Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157872>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20633/edition/1068255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157872.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июнундагы № 310 "Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө" токтому (20.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157872

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 8-июну № 310 Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомунун редакциясына ылайык) Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияны натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияны ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгына Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы дайындалгандыгы тууралуу кабарласын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 30-июнундагы № 50 (3122) жарыяланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов
