# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 211
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157867>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20628/edition/1064963/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157867.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (22.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157867

---

КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы №11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 22-апрели № 211 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 284-287-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө жободо:

- 9-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- өзүнүн компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзөт.".

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-майындагы № 35 (3107) жарыяланды

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
