# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 281 "2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба жаныбарларына асыл тукум селекциялык иштерин жүргүзүүнү унификациялоого багытталган чаралар жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 281 "2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба жаныбарларына асыл тукум селекциялык иштерин жүргүзүүнү унификациялоого багытталган чаралар жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 281
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20617/edition/1113077/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 281 "2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба жаныбарларына асыл тукум селекциялык иштерин жүргүзүүнү унификациялоого багытталган чаралар жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (01.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157851

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 1-июну № 281 2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба жаныбарларына асыл тукум селекциялык иштерин жүргүзүүнү унификациялоого багытталган чаралар жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба жаныбарларына асыл тукум селекциялык иштерин жүргүзүүнү унификациялоого багытталган чаралар жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 19-июнундагы № 47 (3119) жарыяланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов
