КР Өкмөтүнүн «2012-жылдын 20-февралындагы № 137 „Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 25-декабры № 629 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
"91. Өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими, чектөө иш-чаралары (карантин) колдонулган шарттарда же Кеңештин жыйынын анын мүчөлөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен өткөрүүгө тоскоолдук кылган ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда Кеңештин чечими сурамжылоо аркылуу кабыл алынат. Сурамжылоо аркылуу Кеңештин чечимин макулдашуу жол-жобосу Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасынын негизинде Кеңештин катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат. Кеңештин катчысы Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын тийиштүү тапшырмасын алгандан кийин тийиштүү документтерди үч жумуш күндүн ичинде Кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна жиберет. Кеңештин чечиминин долбоору электрондук версияны пайдалануу жана (же) долбоорду кагаз түрүндө берүү менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу макулдашылат. Кеңештин мүчөлөрү менен чечимдин долбоорун макулдашуу жети жумуш күндөн ашпоого тийиш. Эгерде макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн (сын-пикирлерсиз жана сунуштарсыз) оң жообу алынса, сурамжылоо аркылуу кабыл алынган Кеңештин чечими мыйзамдуу болуп эсептелет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №137 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 137 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 137 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон