# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 627 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө "

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 627 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө "
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 627
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157841>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20608/edition/1263124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157841.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 627 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө " (23.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157841

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 323 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 25-декабры № 627 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасын мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
