Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 21-февралы № 108 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтардын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 21 жана 31-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен бирдикте:
- чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жарандарды 2020-жылдын март-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болгон учурда аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун.
3. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талаптары боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссияларында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтөр алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы жыйноо пункттарын дарыгер-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттуулугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Тиркеме
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Астаркулов А.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Бакиров Ж.Ж.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Ибраева Н.С.
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси;
Мурзаматов К.М.
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын мобилизациялык иштер жана жарандык коргоо тобунун улук инспектору;
Алымбаев М.М.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери;
Тюменбаев Т.М.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери;
Назаралиев А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери;
Оморов Т.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери;
Айдаралиев Ж.Н.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери;
Акматалиев Р.М.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын Бишкек шаарынын республикалык жыйноо пунктунун начальниги;
Урмамбетов У.А.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын Балыкчы шаардык жыйноо пунктунун начальниги;
Абдраимов Т.О.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын Ош шаардык жыйноо пунктунун начальниги;
Сапаралиев И.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын Жалал-Абад шаардык жыйноо пунктунун начальниги;
Мамбеталиев С.А.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси, улук дарыгер (Республикалык жыйноо пункту);
Матазов Б.А.
-
Ош шаарынын Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын уролог-дарыгери (Ош жыйноо пункту);
Кочкоров М.К.
-
Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун клиника-диагностикалык бөлүмүнүн хирург-дарыгери;
Гапаров Н.С.
-
Баткен облусунун Кадамжай шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун лор-дарыгери (Кадамжай жыйноо пункту);
Ташмамбетова Г.Б.
-
Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун өспүрүмдөр дарыгери, терапевт-дарыгери (Балыкчы жыйноо пункту);
Жумабекова И.М.
-
Талас облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун өспүрүмдөр дарыгери, терапевт-дарыгери (Талас облустук жыйноо пункту).
Резерв:
Джабаров Н.Г.
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын оперкызматкери;
Абдылдаева Г.М.
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Фтизиатрия улуттук борборунун амбулатордук-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы (Республикалык жыйноо пункту);
Таранчиев К.Ж.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык республикалык жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары;
Джузумалиев А.С.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын Ош шаардык жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары;
Темирбаев К.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын Жалал-Абад шаардык жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары;
Шананова Г.Т.
-
Ош шаарынын Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын терапевт-дарыгери (Ош облустук жыйноо пункту);
Эсенбаева Г.Б.
-
Жалал-Абад шаардык № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун терапевт-дарыгери (Жалал-Абад облустук жыйноо пункту);
Миталипов К.К.
-
Кадамжай шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-консультациялык бөлүмүнүн башчысы (Кадамжай жыйноо пункту);
Самакова Н.Ж.
-
Балыкчы № 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт-дарыгери (Балыкчы жыйноо пункту);
Абдраимова Н.М.
-
Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары, терапевт-дарыгери (Талас облустук жыйноо пункту).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы ПЖ № 37 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Указ · 18.02.2020 · № 37 · Күчүн жоготкон