# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157827>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20598/edition/1213715/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157827.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157827

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 20-февралы № 104 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясын ылайык) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 512 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы" мекемеси жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
