Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 9-сентябры № 474 "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"айыл чарбасынын прогрессивдүү инновациялык технологиялары - илимий изилдөөнүн жана алдыңкы өндүрүштүк тажрыйбанын жыйынтыктарын пайдалануунун негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн жаңы, жакшыртылган уюмун түзүү боюнча ырааттуу жүргүзүлгөн аракеттердин жыйындысы; жеке практика - агроөнөр жай комплекси системасынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен сырткары түзүлгөн келишимдерге ылайык жарандардын, ишканалардын жана уюмдардын жеке каражаттарынын эсебинен айыл чарба кызматтарын көрсөтүү боюнча иштин түрү.";
2) 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) агроөнөр жай комплексин техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү;";
3) 5-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) агроөнөр жай комплекси системасында жеке практиканы ишке ашыруу.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Агроөнөр жай комплекси системасында жеке практиканы ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
4) 8-беренесинде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү";
б) биринчи абзацы "камсыз кылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү" деген сөздөр менен толукталсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-9-пункттар менен толукталсын:
"5) айыл чарба жана сервистик кооперативдерди, соода-логистикалык борборлорду, мал союу цехтерин өнүктүрүү боюнча уюштуруу-башкаруу методдору;
6) кластердик өндүрүштү, тамчылатып сугаруу системасын жана күнөскана чарбасын өнүктүрүү боюнча технологиялык-өндүрүштүк методдор;
7) "жашыл экономика" принциптерин ишке ашыруу боюнча экономикалык методдор;
8) органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү, өсүмдүктөрдүн биологиялык коргоо каражаттарын жана биоорганикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү колдоо, айыл чарба багытындагы жер кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу жана сактоо боюнча экологиялык методдор;
9) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун жана гибриддерин, айыл чарба малдарынын жаңы породаларын, типтерин жана кроссторун чыгаруу, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны ишке ашыруу боюнча селекциялык-генетикалык методдор.";
5) 9-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"20) өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо системасын өнүктүрүү.";
6) 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) агроөнөр жай комплекси системасын техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү боюнча иш-чаралар;". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 13-январындагы № 4314-VI "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 13.01.2021 · № 4314-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-февралындагы № 228-VI "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 10.02.2021 · № 4399-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 4426-VI @“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 25.02.2021 · № 4426-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон