# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 441 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 441 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 441
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157804>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20580/edition/1055205/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157804.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 441 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157804

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 24-августу № 441 Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 77 (3041) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов
