Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 „1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 21 апреля 2021 года № 161 "О выплате ежегодных единовременных денежных пособий к 9 мая в честь празднования Дня Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-04-21.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 24-марты № 184 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин баатырдыгына жана кайратмандыгына таазим кылуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карага ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- экинчи-бешинчи абзацтарындагы "15000 (он беш миң)" деген сөздөр "20000 (жыйырма миң)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы-сегизинчи абзацтарындагы "10000 (он миң)" деген сөздөр "15000 (он беш миң)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) аталган токтом менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн тартибинде:
- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6, 7-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-6, 8-9, 11-12-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "социалдык өнүктүрүү" жана "социалдык өнүгүү'' деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "эмгек жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2020-жылга каралган каражаттар жетишсиз болгон учурда, ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сметалык дайындоолорду көбөйтүү мүмкүндүгүн карасын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай…Постановление · 21.04.2021 · № 161
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги №180 токтому менен бекитилген "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн" ТАРТИБИПорядок · 21.04.2011 · № 180 · Күчүн жоготкон
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 21.04.2011 · № 180 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуПостановление · 21.04.2021 · № 161
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай…Постановление · 21.04.2021 · № 161
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 21.04.2011 · № 180 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон