# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 489
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157789>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20569/edition/1050586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157789.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууө" токтому (17.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157789

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 17-сентябры № 489 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:

- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополиялары жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пунктунун үчүнчү абзацындагы "административдик жаза-чара" деген сөздөр "айып пул" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 81 (3153) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов
