# 2020-жылдын 13-августу № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: 2020-жылдын 13-августу № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 420
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157787>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20567/edition/1050470/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157787.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2020-жылдын 13-августу № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157787

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 13-августу № 420 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:

- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди карайт;";

- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жыйынтыктары боюнча жаза чараларын көрүүгө;";

- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"- бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген комиссияны түзөт, Комиссия жөнүндө жобону, анын сандык жана жекече курамын бекитет;

- бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган учурларда жаза чараларын көрөт;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-августундагы № 68 (3140) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов
