# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 392
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157786>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20566/edition/1096068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157786.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (06.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157786

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 22-июлу № 392 Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- товарлардын импортуна (ташып келүү) жана экспортуна (ташып чыгуу) эксперттик корутунду берүү;".

2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-августундагы № 63 (3135) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов

Тиркеме

"Тиркеме

Эксперттик корутунду берүү боюнча уюм-эксперттердин жана үчүнчү өлкөлөр менен сооданы тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕГИ

№

Товардын аталышы

Уюм-эксперттин аталышы

Ыйгарым укуктуу органдын аталышы

1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө жана (же) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгууга уруксат тартиби белгиленген товарлар

1

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.1 позициясына ылайык озонду бузуучу заттар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

2

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.2 позициясына ылайык өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

3

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.3 позициясына ылайык кооптуу калдыктар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

4

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.4 позициясына ылайык минералогия жана палеонтология боюнча коллекциялар жана коллекциялоо предметтери

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

5

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.6 позициясына ылайык жапайы тирүү жаныбарлар жана айрым жапайы өскөн өсүмдүктөр

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

6

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.8 позициясына ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жапайы жаныбарлардын жана жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

7

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.9 позициясына ылайык асыл таштар

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

8

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.10 позициясына ылайык баалуу металлдар жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарлар

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (баалуу металлдардын кендерин жана концентраттарын, баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды ташып чыгууда)

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

9

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.11 позициясына ылайык минералдык сырьёнун түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

10

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.12 позициясына ылайык баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти

11

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.14 позициясына ылайык дары-дармек каражаттары

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык буюмдар департаменти

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык буюмдар департаменти

12

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.13 позициясына ылайык баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттар

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

13

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.16 позициясына ылайык радиоэлектрондук каражаттар жана (же) жарандык багыттагы жогорку жыштыктуу түзүлүштөр, анын ичинде башка товарлардын курамына орнотулгандар же киргизилгендер

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

14

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.17 позициясына ылайык маалыматты жашырын алууга арналган атайын техникалык каражаттар

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

15

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.19 позициясына ылайык шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттар

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

16

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.20 позициясына ылайык маданий баалуулуктар, улуттук архивдик фонддордун документтери, архивдик документтердин түп нускалары

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

17

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.21 позициясына ылайык адамдын органдары жана ткандары, кан жана анын компоненттери, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

18

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.22 позициясына ылайык кызматтык жана жарандык курал, анын негизги (курамдык) бөлүктөрү жана аларга патрондор

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

19

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.23 позициясына ылайык отун энергетикалык жана минералдык сырьёлордун райондору жана кендүү жерлери боюнча жер казынасы жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

20

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.30 позициясына ылайык лабораториянын масштабындагы изилдөөлөрдө, ошондой эле эталондуу стандарт катары пайдаланылган өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка туруктуу органикалык булгоочулар

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

2. Тарифтик квоталарды, атайын коргоочу чаралар катары импорттук (атайын) квоталарды белгилөө жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар

1

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27 позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө тууралуу жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

2

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2019-жылдын 6-августундагы № 137 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.29 позициясына ылайык атайын квоталарды белгилөө тууралуу жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган ысык таптоо прокаты

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

3. Автоматтык түрдө лицензиялоо (байкоо жүргүзүү) киргизилген товарлар

1

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы № 90 чечимине ылайык импорттоодо автоматтык лицензиялоо (байкоо жүргүзүү) киргизилген болот түтүктөрдүн айрым түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

".
