# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 244
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157762>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20550/edition/1041659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157762.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157762

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 11-майы № 244 Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүү жана жайылуу коркунучу уланып жатканына байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында, экономикалык ишти этабы менен кайра жандандырууга байланыштуу, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15 жана 221-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер (мындан ары - Убактылуу санитардык эрежелер) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Өндүрүш, кызмат көрсөтүү, анын ичинен коомдук тамактануу, соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, экономикалык иштин уруксат берилген башка түрлөрү менен алектенген жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар өзгөчө абал шартында жана өзгөчө кырдаал режиминде коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин Убактылуу санитардык эрежелерди сактоону жана кызматкерлерге жетекчилик көрсөтмө берүүнү камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Убактылуу санитардык эрежелердин сакталышын контролдошсун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чараларды көрүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Убактылуу санитардык эрежелердин талаптарын сактоо боюнча жеке жана юридикалык жактар үчүн маалыматтык-көргөзмө материалдарын иштеп чыксын жана аларды тираждоо боюнча чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-майындагы № 38 (3110) жарыяланды

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
