# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 388
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157760>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20548/edition/1194210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157760.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157760

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 17-июлу № 388 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)

Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүү максатында, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 690 "Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктундагы "30-июнунда" деген сөздөр "31-октябрында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 8-пунктундагы "30-июнуна" деген сөздөр "31-октябрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн тизмеги ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

К.А. Боронов

1-тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып киргизилүүчү жана сатып өткөрүлүүчү товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси жана милдеттүү маркалоону киргизүүнүн МӨӨНӨТТӨРҮ

№

Товарлардын аталыштары

Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН)

Маркалоону киргизүү мөөнөтү

Эскертүү

1

Арак

220860

2020-жылдын 1-ноябры

2021-жылдын 1-майынан тартып маркаланбаган продукцияны жүгүртүүгө тыюу салынат

Ликер-арак ичимдиктери

220830

220870

220890

Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар

220840

220850

Шараптар

220410 жана 220430 кошпогондо, 2204, 2205, 2206

Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары)

2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900

Газдалган шарап, шампанды кошкондо

220410

Алкоголу аз ичимдиктер

220890

2

Тамекилер (чыпкалуу, чыпкасыз) жана ысытылуучу тамеки менен буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси ысытылуучу капсула)

2402

2020-жылдын 1-октябры

2021-жылдын 1-апрелинен тартып маркаланбаган продукцияны жүгүртүүгө тыюу салынат

".

2-тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ

№

Товарлардын аталышы

Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН)

Ыктыярдуу маркалоо жүргүзүү мөөнөттөрү

1

Алкоголдук продукция:

2020-жылдын 1-январынын 31-октябрына чейин

Арак

220860

Ликер-арак ичимдиктери

220830

220870

220890

Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар

220840

220850

Шараптар

220410 жана 220430 кошпогондо, 2204, 2205, 2206

Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары)

2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900

Газдалган шараптар, шампанды кошкондо

220410

Алкоголу аз ичимдиктер

220890

2

Тамекилер (чыпкалуу, чыпкасыз) жана ысытылуучу тамеки менен буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси ысытылуучу капсула)

2402

2403

2020-жылдын 1-январынын 30-сентябрына чейин

3

Бут кийим товарлары:

Үстү таманына жип менен да, шпилька, мык менен да, винт менен да, заклепка менен да же кандайдыр бир башка ушундай жол менен бекитилбеген жана бириктирилбеген, таманы жана үстү резинадан же пластмассадан жасалган суу өткөрбөгөн бут кийим

6401

2020-жылдын 1-январынан 3-сентябрына чейин

Таманы менен үстү резина же пластмассадан жасалган башка бут кийим

6402

Таманы резинaдан, пластмассадан, табигый же композициялык териден жана үстү табигый териден жасалган бут кийим

6403

Таманы резинадан, пластмассадан, табигый же композициялык териден жана үстү текстиль материалдарынан жасалган бут кийим

6404

Башка бут кийим

6405

".
