# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20546/edition/1120333/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157758

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 13-февралы № 80 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58, 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 25-главасы менен 33-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин кирешелерин башкаруу планын тактоо боюнча бюджеттик жол-жоболордун карама-каршылыктарын жоюу жана иретке келтирүүнүн алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуласындагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасында:

- 3-пунктундагы "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 22-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинде:

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмонун 1-тиркемесинде аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин ресурстарынын администраторлору мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн катышуучулары болуп саналышат."; 31-пункту:

а) "Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө укугу болуп саналган башкарылуучу кирешелердин (ресурстардын) ар айлык планын тактоо боюнча сунуштарды учурдагы айдын 25инен кечиктирбестен киргизүүгө укуктуу.";

- Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинин тиркемесинде:

- 6-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Ар бир айдын 20сына чейин" деген сөздөр "План бекитилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

- 7-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Планды аткаруу айынын 10унан кечиктирбестен" деген сөздөр "Учурдагы айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23 жарыяланды

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
