# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 470
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157756>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/157756/edition/1222670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157756.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157756

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 4-сентябры № 470 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу жөнүндө" токтомунун 6-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 219 "Баткен" аэропортуна эл аралык аэропорттун статусун берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Ички иштер министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректеринде:

- ''Мамлекеттик кызматтар" бөлүмүнүн тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-майындагы № 384 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин кийим-кече предметтеринин, атрибуттарынын жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасын бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 875 "Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын убактылуу бөлөк кармоочу жайынын ички тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Премьер-министр | К.А. Боронов |
