# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157746>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20537/edition/1096037/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157746.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому (06.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157746

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 12-марты № 149 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 19-2-пунктундагы "4896", "69", "1300" жана "3527" деген цифралар тиешелүү түрдө "4139", "57", "1057" жана "3025" деген цифралар менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментин юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 32 (3104) жарыяланды

Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин СХЕМАСЫ

3-тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ
