Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 7-майы № 236 "2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
1) "2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
2) 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө 1-берене. 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-майындагы № 236 токтому менен жактырылган 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Протоколдун долбооруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 120-б буйругу менен жактырылган. Протоколго Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков 2019-жылдын 1-октябрында Армения Республикасынын Ереван шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында кол койгон. Протокол Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 447-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан, ага ылайык 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге (мындан ары - Бирлик жөнүндө келишим) өзгөртүүлөрдү киргизүү (№ 5 тиркеме жана № 8 тиркемеге тиркеме) каралган. 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин (мындан ары - Кодекс) 447-беренесинин негизинде, аталган Кодекстин 48-беренесинин 1-пунктунун жоболоруна ылайык келечекте боло турган ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнүн эсебине чегерилген акча каражаттарын (акчаны) аванстык төлөм катары таануу мүмкүнчүлүгү, Бирлик жөнүндө келишимге ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды аванс иретинде төлөө мүмкүнчүлүгү каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат. Бүгүнкү күндө Бирлик жөнүндө келишимдин негизинде ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын бюджеттик классификациянын кодуна ылайык бажы төлөмдөрүнүн башка түрлөрүнөн өзүнчө төлөө мүмкүнчүлүгү каралган, анын натыйжасында тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн айрым кыйынчылыктар жаралган, өз учурунда алар товарларды бажылык тариздөө боюнча бажы жол-жоболорун ишке ашырууда ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын төлөө жана башка төлөмдөрдү берүү үчүн бир нече төлөм тапшырыктарын пайдаланууга аргасыз болууда. Бирлик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу бажы алымдарын төлөө үчүн аванстык төлөмдөрдү пайдаланууга б.а. аванстык төлөмдү бир жолу чегерүү менен зарылдыгына жараша аны бажы төлөмдөрүнүн каалагандай башка түрлөрүнө бөлүштүрүүгө жол берилет. Бул өзгөртүү бажы жана башка төлөмдөрүн төлөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын чыгымдарын минималдаштырууга багытталган. Протоколду ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4013-VI "2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө…Постановление · 25.06.2020 · № 4013-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 4208-VI "2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө…Постановление · 02.12.2020 · № 4208-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 23-декабрындагы № 4282-VI "2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө…Постановление · 23.12.2020 · № 4282-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 120-б (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун жана 2017-жылдын…Распоряжение · 06.05.2019 · № 120-р
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон