# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июлундагы № 384 "Айрым коомдук багбанчылык шериктештеринин участкаларына айыл статусун берүү жана аларды Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июлундагы № 384 "Айрым коомдук багбанчылык шериктештеринин участкаларына айыл статусун берүү жана аларды Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 384
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157743>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20534/edition/1044752/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157743.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июлундагы № 384 "Айрым коомдук багбанчылык шериктештеринин участкаларына айыл статусун берүү жана аларды Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" (16.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157743

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 16-июлу № 384 "Айрым коомдук багбанчылык шериктештеринин участкаларына айыл статусун берүү жана аларды Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Айрым коомдук багбанчылык шериктештеринин участкаларына айыл статусун берүү жана аларды Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министр

К.А. Боронов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июлундагы № 384 токтому менен жактырылган

"Айрым коомдук багбанчылык шериктештеринин участкаларына айыл статусун берүү жана аларды Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Айрым коомдук багбанчылык шериктештеринин участкаларына айыл статусун берүү жана аларды Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Ушул мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл аймагындагы "Аэрофлот" ("Авиатор"), "Беш-Кошкон" (мурдагы "Труд"), "СУ", "Дружба", "Жашыл-Жалбырак" (мурдагы С.Т. "Киностудия"), "Көк-Дарак" (мурдагы "Ромашка"), "Медиков" (мурдагы "Здоровье"), "Политех" (мурдагы "Садовод"), "Связист", "Трикотажник" коомдук багбанчылык шериктештеринин участокторуна айыл статусун берип, алардын эсебинен "Кыргызстан" айылын түзүү жана аны Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл аймагына кошуу сунушталууда. Ошол эле учурда администрациялык-аймактык түзүлүш жана жер маселелери боюнча бир катар ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталбаганын белгилейбиз.

1. "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, калктуу конуштардын категорияларын, администрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталыштарын жана кайра аталыштарын аныктоо тууралуу сунуштарды киргизүү маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзамдын 11-12-беренелеринде каралган жол-жоболорду сактоо менен, ошол эле Мыйзамдын 13-беренесинде аныкталган, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө маселелерди кароого зарыл болгон документтердин жана материалдардын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизет. Ушуга байланыштуу белгилеп кетүүчү нерсе, жогоруда аталган Мыйзамдын ченемдери менен администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүү маселесин кароого өзгөчө талаптар белгиленген. Ушундан улам, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аталган жоболорун карманууну зарыл деп эсептейбиз.

2. Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн багбанчылык коомдорунун жер тилкелери "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясында тургандыгын билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу үчүн, ошондой эле байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн электр байланыш операторуна жер участокторун берүү учурларын кошпогондо, жер участогун анын максаттуу багытынан башкача пайдаланууга жол берилбейт. Ошентип, эң алгач аталган багбанчылык участокторун "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) маселелерин чечүү керек. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Айрым коомдук багбанчылык шериктештеринин участкаларына айыл статусун берүү жана аларды Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
