Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 „Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 марта 2025 года № 162 "О Национальном информационном фонде технических регламентов и стандартов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-03-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 13-июлу № 379 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 "Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 18-июлундагы № 90 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 "Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө жободо:
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктунун б) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо боюнча документтер: улуттук стандарттар, алдын ала улуттук стандарттар, стандартташтыруу боюнча эрежелер жана сунуштар, эл аралык, региондук (мамлекеттер аралык) стандарттар, Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары катары кабыл алынган башка мамлекеттердин улуттук стандарттары, региондук эрежелердин жыйындысы жана башка мамлекеттердин эрежелеринин жыйындысы, мамлекеттик жана региондук классификаторлор, башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору.";
- 7-пунктунда:
"з" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "з) Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча документтерин иштеп чыгуу (кабыл алуу) программасы жөнүндө маалыматтарга тийиштүү Дүйнөлүк соода уюмунун Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуусунун жоболорун аткаруу ("Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Маракеш макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы);"; "и" пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтеринин негизинде түзүлүүчү маалыматтык продукция жана кызмат көрсөтүүлөр (стандартташтыруу боюнча документтердин каталогу, стандартташтыруу боюнча маалыматтык бюллетендер).";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн иштерди аткарууга өзгөчө укук СМБге берилет.";
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтеринин негизинде түзүлүүчү маалыматтык абонент боюнча кагаз жүзүндөгү же электрондук түрдөгү стандартташтыруу боюнча суралуучу документтерди издөө, тандоо жана керектөөчүлөрдү тейлөө (стандартташтыруу боюнча документтердин каталогу жана стандартташтыруу боюнча ар кварталдык маалыматтык бюллетендер (ушул Жобонун 7-пунктунун "и" пунктчасынын үчүнчү абзацы) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү баалардын прейскурантына ылайык акы төлөнүүчү негизде ишке ашырылат.";
- 12-пунктунун биринчи абзацы жана 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 31-июлундагы № 60 (3132) жарыяланды
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 "Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө" токтомуПостановление · 27.03.2025 · № 162
- Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 токтому менен бекитилген)Положение · 11.05.2006 · № 345 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 "Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө" токтомуПостановление · 27.03.2025 · № 162
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 18.07.2019 · № 90
- О Ратификации Протокола о присоединении Кыргызской Республики к Маракешскому соглашению об учреждении Всемирной торговой организацииЗакон · 17.11.1998 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 "Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2006 · № 345 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон