# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 "Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 "Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 377
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157737>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20528/edition/1077830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157737.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 "Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157737

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 442 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114 токтомунун редакциясына ылайык) 2020-жылдын 9-июлу № 377 Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесинде:

- 9-пунктундагы "арыз берүүчүдөн суроо-талапты алган күндөн баштап 20 иш күндүн" деген сөздөр "шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдан суроо-талапты алган күндөн тартып 10 иш күндүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114 токтомуна ылайык күчүн жоготту).

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 31-июлундагы № 60 (3132) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов
