Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 „Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 313 "Об утверждении Положения о порядке лицензирования импорта, экспорта вооружений и военной техники, а также иной продукции военного назначения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 313 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 16-декабры № 613 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Аскер багытындагы товарларды жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамынын 15-беренесине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун 2-пунктундагы "2020" деген цифраларды "2021" цифраларына деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен биргеликте үч ай мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын "Экспорттук контроль жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби…Постановление · 03.02.2017 · № 67 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 313 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын…Постановление · 17.12.2021 · № 313 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби…Постановление · 03.02.2017 · № 67 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 313 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын…Постановление · 17.12.2021 · № 313 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Экспорттук контроль жөнүндөЗакон · 23.01.2003 · № 30
- Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 41 · Күчүн жоготкон