# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 607
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157718>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20514/edition/1036805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157718.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (13.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157718

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 15-декабры № 607 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелеринде:

- 16-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр "шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу боюнча курулуш ченемдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
