# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 605
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157717>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20513/edition/1036339/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157717.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (14.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157717

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 14-декабры № 605 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 14-октябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:

- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

"этностук таандыгы (арыз ээсинин каалоосу менен);";

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Улуту/национальность/eth№icity".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 104 (3176) жарыяланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
