# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 603 "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 603 "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 603
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157714>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20511/edition/1036341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157714.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 603 "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (19.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157714

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 138 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 14-декабры № 603 Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

Терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасынын оператору болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э.Новиков
