# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 602 "Ишкердик субъекттерди укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө тыюу салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 602 "Ишкердик субъекттерди укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө тыюу салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 602
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157713>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20510/edition/1036251/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157713.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 602 "Ишкердик субъекттерди укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө тыюу салуу жөнүндө" токтому (11.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157713

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 11-декабры № 602 Ишкердик субъекттерди укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө тыюу салуу жөнүндө Ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ишкердик субъекттердин экономикалык ишин колдоо, аларды укуктук коргоону камсыздоо, айрым укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттердин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында, ошондой эле COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ишкердик субъекттерди укук коргоо органдарынын төмөнкү учурларда жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдөн тышкары текшерүүсүнө тыюу салынсын:

- жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;

- жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;

- бажы кызматы тарабынан бажы контролунда турган товарларга карата;

- Кыргыз Республикасында COVID-19 коронавирусунун жайылышынын алдын алууга байланышкан маселелер боюнча.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
