# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 "Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 "Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 601
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20509/edition/1036247/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157710.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 "Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (27.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157710

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 517 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 11-декабры № 601 Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча даярдоо (PhD)/тармак боюнча) жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу маселелерин жөнгө салуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23 жана 40-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү (базалык докторантура (PhD)/тармак боюнча) уюштуруу тартиби жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоонун аккредитациялануучу билим берүү программаларына коюлуучу минималдуу талаптар, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
