# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-февралындагы № 81 "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-февралындагы № 81 "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 370
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157699>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20502/edition/1035587/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157699.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-февралындагы № 81 "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (09.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157699

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 9-июлу № 370 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-февралындагы № 81 "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунун кредиттик каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-февралындагы № 81 "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунда:

- 1-главасынын таблицасынын "Каржылоо түзүмү" сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

Каржылоо түзүмү

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу жана "Айыл Банк" ААК менен "РСК Банк" ААК тарабынан кошо каржылануучу каражаттар төмөнкүлөргө кредит берүүгө багытталат:

1) тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканаларына жана "АЧК - Кластер" - 1200 млн. сом (600 млн. сом - республикалык бюджет, 300 млн. сомдон - банктардын кошо каржылоосу);

2) данды жана азык-түлүк буудайын кайра иштетүүчү ишканалар - 400,0 млн. сом (республикалык бюджет)

2. "АЧК - Фермер" категориясы (субсидиялоо):

1) мал чарбасы - 50%дан кем эмес;

2) өсүмдүк өстүрүү, бак өстүрүү - 50%дан ашык эмес

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-июлундагы № 59 (3131) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов
