Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 „Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 26-августу № 450 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылып жаткан мезгилинде жарандардын укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү боюнча чыгымдарды компенсациялоо укуктарын жана берүү тартибин сактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө нускама:
- төмөндөкүдөй мазмундагы 81-пункту менен толукталсын:
"81. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген мезгилде бир жолку төлөмдү алуу үчүн МКБга арыз берүү мөөнөтү режим аяктаганга чейин узартылат. Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн жеткирүүгө байланышкан чыгымдар үчүн бир жолку компенсация алуу ниетин билдирген жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими жокко чыгарылган күндөн тартып эки айдын аралыгында МКБга арыз берүүгө милдеттүү.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 77 (3041) жарыяланды
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМАИнструкция · 16.05.2018 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо менен…Постановление · 23.04.2021 · № 169
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен…Постановление · 16.05.2018 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон