# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 366
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157692>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20497/edition/1034546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157692.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (29.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157692

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 29-июну № 366 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 10-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- мамлекеттик тилдеги текстинде:

токтомдун аталышы жана 1-пункту "Кыргыз Республикасында" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү" деген сөз менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасын аткаруу боюнча иш-аракеттер планында:

- 1.2-пунктунун 1.2.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

1.2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын мамлекеттик органдар, акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар айрым акционердик коомдор менен өз ара аракеттенүүлөрүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу

2021-жылдын 15-декабры

ЖӨБ органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрүнүн регламенти иштелип чыгарылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген

ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ ЫӨ, ЖМА, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча)

Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен

";

- 2.2-пунктунун 2.2.3-пунктчасында "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2020-жылдын 31-марты" деген сөздөр "2021-жылдын 25-марты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2.3-пунктундагы мамлекеттик тилдеги текстиндеги "жамааттын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин" деген сөздөр "маанидеги маселелерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2.3-пунктунун 2.3.2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

2.3.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүмдүк камсыз болуу деңгээлине мониторинг жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу

2020-жылдын 25-декабры

Программа иштелип чыккан жана ЖӨБ органдарына жеткирилген

ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ ЫӨ, ЖМА, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча)

Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен

";

- 3.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

3.3

ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүpүү

3.3.1. ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүpүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу

2020-жылдын 15-декабры

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү маселелери боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан жана белгиленген тартипте КРӨАга киргизилген

ЖӨБ жана этностор агенттиги, ФМ, ЭМ, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, КР ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча)

Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов
