Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Ак-Жол айылынын курамына кошуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 29-июну № 365 "Айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Ак-Жол айылынын курамына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Ак-Жол айылынын курамына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 365 токтому менен жактырылган
"Айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ак-Жол айылынын курамына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ак-Жол айылынын курамына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл аймагындагы "Локомотивщик" жана "Кормовик" багбанчылык шериктештиктеринин багбанчылык-чарба жүргүзүү участокторуна айыл статусун берүү жана жаңы түзүлгөн аймактык бирдиктерди аталган айыл аймагындагы Ак-Жол айылына кошуу сунушталган. Ошол эле учурда администрациялык-аймактык түзүлүш жана жер маселелери боюнча бир катар ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталбаганын белгилейбиз.
1. "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, калктуу конуштардын категорияларын, администрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталыштарын жана кайра аталыштарын аныктоо тууралуу сунуштарды киргизүү маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзамдын 10-11-беренелеринде каралган жол-жоболорду сактоо менен, ошол эле Мыйзамдын 13-беренесинде аныкталган, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө маселелерди кароого зарыл болгон документтердин жана материалдардын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизет. Ушуга байланыштуу белгилеп кетүүчү нерсе, жогоруда аталган Мыйзамдын ченемдери менен администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүү маселесин кароого өзгөчө талаптар белгиленген. Ушундан улам, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аталган жоболорун карманууну зарыл деп эсептейбиз.
2. Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн багбанчылык коомдорунун жер тилкелери "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясында тургандыгын билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу үчүн, ошондой эле байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн электр байланыш операторуна жер участокторун берүү учурларын кошпогондо, жер участогун анын максаттуу багытынан башкача пайдаланууга жол берилбейт. Ошентип, эң алгач аталган багбанчылык участокторун "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) маселелерин чечүү керек. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ак-Жол айылынын курамына кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон