# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 364 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 364 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 364
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157690>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20495/edition/1034198/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157690.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 364 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157690

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 29-июну № 364 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин башкаруу схемасында:

- "Кыргызфильмофонд" киновидеофильмдердин республикалык мамлекеттик фонду" деген позиция "Кыргызтасмасы" мамлекеттик киноборбору" деген позиция менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов
