# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 362
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157686>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20493/edition/1117158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157686.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (20.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157686

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 29-июну № 362 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставы, 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 750 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын башкаруу схемасы
