Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 24-июну № 355 "2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 355 токтому менен жактырылган
2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине шайкеш келет. Приоритеттүү өрт-куткаруу кызматтарынын потенциалын жогорулатуунун, жаңы мектептерди куруунун жана авариялык мектептерди реконструкциялоонун эсебинен табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүү максатында, Макулдашуу 2019-жылы ишке ашырылып башталган "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоону карайт. Кошумча каржылоонун бюджети 55 млн. АКШ долларын түзөт, ал Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан стандарттык шарттарда бөлүнөт: 50% - кредит, 50% - гранттык каражаттар, кредит төлөөнү 6 жылга жылдыруу менен 38 жылга, жылдык 0,75% менен берилет. Кошумча каржылоо төмөнкүлөрдү ишке ашырууну карайт:
- 5,5 млн. АКШ долларына 1-компонентти, ал 50 жана андан ашык бирдик өрт өчүрүүчү техниканы жана 2 бирдик көчмө оңдоочу устакананы сатып алууну, өрт кызматын өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну, өрттөн куткаруучуларды окутууну карайт, бул Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу райондорунда өрт өчүрүүчү бөлүктөрдү камсыздоо маселесин чечүүгө мүмкүндүк берет;
- 48 млн. 100 миң АКШ долларына 2-компонентти, ал жаңы мектептерди курууну жана авариялык мектептерди реконструкциялоону карайт. Техникалык-экономикалык негиздемени, долбоордук-сметалык документтерди, атайын техникалык шарттарды иштеп чыгууну кошкондо бардыгы - 30дан ашык мектеп;
- 1 млн. 400 миң АКШ долларына 4-компонентти, ал "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун (мындан ары - Долбоор) кошумча каржылоонун алкагында өз ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн операциялык чыгымдарын натыйжалуу жана ачык-айкын колдоого, ошондой эле институттук потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Бул компонент мониторинг, баа берүү жана отчеттуулукту кошкондо Долбоорду ишке ашыруу жана Долбоорду башкарууну колдоо үчүн техникалык, коргоочу жана фидуциардык аспектилерди камтыйт. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн иштеп жаткан кызматкерлерин толугу менен каржылоо 2024-жылдан тартып, кошумча кызматкерлерди каржылоо - кошумча каржылоо башталган учурдан тартып башталат;
- 5-компонентти, ал өз ичине өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга күтүлбөгөн чыгымдарды камтыйт. Масштабдуу өзгөчө кырдаалдар учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Дүйнөлүк банкка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу чыгымдарын каржылоо үчүн долбоордук каражаттарды кайрадан бөлүштүрүү өтүнүчү менен кайрыла алат. Бул компонент Долбоордун алкагында колдонулбаган кредиттик/гранттык каражаттарды өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча чыгымдарды жабууга Долбоордун башка компоненттеринен кайра багыттоо аркылуу пайдаланат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 227-б буйругу менен жактырылган. Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Финансы министри 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол койгон. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу ратификациялоого жатат. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоого алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4070-VI "2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Постановление · 25.06.2020 · № 4070-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4068-VI "2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Постановление · 25.06.2020 · № 4068-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4069-VI "2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Постановление · 25.06.2020 · № 4069-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 227-б "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине…Распоряжение · 22.06.2020 · № 227-р
- 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине…Закон · 29.07.2020 · № 96
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон