Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде „Карыздарды башкаруу жана финансылык талдоо системасы“ (DMFAS) программасын ишке киргизүү боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 19-июну № 348 "2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Карыздарды башкаруу жана финансылык талдоо системасы" (DMFAS) программасын ишке киргизүү боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Карыздарды башкаруу жана финансылык талдоо системасы" (DMFAS) программасын ишке киргизүү боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Карыздарды башкаруу жана финансылык талдоо системасы" (DMFAS) программасын ишке киргизүү боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Карыздарды башкаруу жана финансылык талдоо системасы" (DMFAS) программасын ишке киргизүү боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 1-берене. 2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Карыздарды башкаруу жана финансылык талдоо системасы" (DMFAS) программасын ишке киргизүү боюнча макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясына (UNCTAD) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 348 токтому менен жактырылган
2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Карыздарды башкаруу жана финансылык талдоо системасы" (DMFAS) программасын ишке киргизүү боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу 2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Карыздарды башкаруу жана финансылык талдоо системасы" (DMFAS) программасын ишке киргизүү боюнча макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык макулдашуулардын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-июндагы № 202-б буйругу менен жактырылган. Макулдашууга 2020-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министри жана адам ресурстары башкармалыгынын (UNCTAD) начальниги кол коюшкан. Швейцариянын экономикалык байланыш боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) долбоорду ишке ашырууда чыгымдарды жабуу үчүн 685000 АКШ доллары суммасында керектүү гранттык каражатты бөлүп берет. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгымдарды жабуу үчүн DMFAS системасын иштеп чыгууга бир жолку салым катары 20000 АКШ доллары өлчөмүндө, ошондой эле системаны тейлөөгө жылдык жыйым катары 15000 АКШ доллары суммасында зарыл болгон финансылык ресурстарды берет. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4050-VI "2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү…Постановление · 25.06.2020 · № 4050-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4051-VI "2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү…Постановление · 25.06.2020 · № 4051-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4052-VI "2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү…Постановление · 25.06.2020 · № 4052-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-июнундагы № 202-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы…Распоряжение · 05.06.2020 · № 202-р
- 2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз…Закон · 01.08.2020 · № 103
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон