# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы № 336 "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы № 336 "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 336
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20474/edition/1032609/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы № 336 "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (15.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157661

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 15-июну № 336 "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева тарабынан демилгеленген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы № 336 токтому менен жактырылган

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева тарабынан демилгеленген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

1. Мыйзамдын долбоору менен жалган жана так эмес маалыматтарды жайылтууга жол бербөө чараларын көрүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү каралууда.

Ушуга байланыштуу белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренеси менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдардын көбөйүшүн кароочу мыйзам долбоорлору каржылоо булагын Өкмөт аныктаган соң гана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынары белгиленген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 5-беренесине ылайык мамлекеттин каржылык милдеттенмелерин өзгөртүү, республикалык бюджеттен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү жөнүндө, же болбосо анын ресурстарын кыскартууну караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөттүн макулдугу менен гана кабыл алынат. Бирок мыйзам долбооруна финансылык-экономикалык эсептер берилген эмес жана анын каржылоо булагы аныкталган жок.

2. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт.

Жөнгө салуучу таасирин талдоо ченемдик укуктук актынын иштеп чыгуучу тарабынан ишке ашырылат жана камсыздалат. Бирок мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо берилген эмес.
