# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 210 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 210 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157655>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20469/edition/1031367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157655.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 210 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча чаралар жөнүндө" токтому (20.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157655

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 20-апрели № 210 Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча чаралар жөнүндө "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин ишке ашыруу жана өлкөдө коронавирустун таралышын болтурбоо боюнча чектөөчү чаралар киргизилишинен улам экономикалык иштин субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-мартынан баштап 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту 2020-жылдын 1-июлуна чейин берүүгө укуктуу экендиги;

2) камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндүгү үчүн 2020-жылдын 1-мартынан баштап 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн өнбөгөн калдыктардын суммасына туум колдонулбай тургандыгы.

2. Ушул токтом 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
