Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 10-июну № 328 "Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 24-статьясынын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 23-статьясынын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене. "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 63-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене. "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж. № 7-8 (1292), 480-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 22-беренесинин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене. "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2019-жылдын 29-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 11-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Коррупциялык укук бузуу жөнүндө билдирген адамга мамлекеттин бюджетине келип түшкөн коррупциялык укук бузуулардан орду толтурулган каражаттардын эсебинен бир миллион сомдон ашык эмес өлчөмдө акчалай сый акы төлөнүп берилет.";
- 11-беренесинин 3-бөлүгү "тартиби" деген сөздөн кийин "жана өлчөмү" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4183-VI "Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кайтарылып алынган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам…Постановление · 25.11.2020 · № 4183-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 4 ноября 2020 года № 4149-VI "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные…Постановление · 04.11.2020 · № 4149-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4228-VI "Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кайтарылып алынган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам…Постановление · 09.12.2020 · № 4228-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 57
- Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндөЗакон · 28.01.2019 · № 19
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кайтарылып алынган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.01.2021 · № 11
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндөЗакон · 02.08.2018 · № 80 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон