# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-июнундагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-июнундагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 322
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157644>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20459/edition/1258093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157644.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-июнундагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157644

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 10-июну № 322 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету.

2. Аталган мыйзамдын долбоору жана отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору жана отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 53843021,7 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 53506294,0 миң сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 336727,7 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилсин. 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
