# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 409
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20448/edition/1178551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому (01.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157631

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 4-августу № 409 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2018-2020-жылдарга карата стратегиясы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

К.А. Боронов
