Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 27-июлу № 400 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, М.К.Жеенчороев, М.Г.Мадеминов, А.К.Касымалиева, Ж.К.Акаев, Е.Г.Строкова, Д.Д.Бекешев, К.Б.Орозова, А.А.Карашев. А.У.Жапаров, Н.В.Никитенко, Б.И.Сулейманов, М.А.Маматалиев, А.Ш.Жээнбеков, А.Т.Сулайманов, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 400 токтому менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, М.К.Жеенчдороев, М.Г.Мадеминов, А.К.Касымалиева, Ж.К.Акаев, Е.Г.Строкова, Д.Д.Бекешев, К.Б.Орозова, А.А.Карашев, А.У.Жапаров, Н.В.Никитенко, Б.И.Сулейманов, М.А.Маматалиев, А.Ш.Жээнбеков, А.Т.Сулайманов, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин булгоо деңгээлин азайтуу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу жана калктын деп соолугуна келтирилүүчү зыянды азайтуу максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасында 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулушуна байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү айрым эл аралык келишимдер жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актылары тууралуу протоколго № 1 тиркеменин VII бөлүгүнө ылайык 2019-жылдын 12-августунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында Бажы бирлигинин "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелге жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлуучу талаптар жөнүндө" (ББ ТР 013/2011) Техникалык регламенти иштейт. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө карата төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот: К4 жана К5 экологиялык класстагы автомобиль бензинин жана дизель отунун өндүрүүгө даяр эместигине байланыштуу, ошондой эле өндүрүштү модернизациялоонун зарылдыгына байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 11 чечими менен Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин техникалык регламенттерин ишке киргизүү тартиби (мындан ары - Тартип) белгиленген. Аталган Тартипке ылайык ата мекендик өндүрүүчүлөр 2023-жылдын 12-августуна чейин улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык автомобиль бензинин жана дизель отунун өндүрө алышат жана 2023-жылдын 12-августуна чейин К4 экологиялык классындагы мунай затты өндүрүү үчүн өндүрүштү модернизациялоону камсыздоого тийиш. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат: "Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына туура келбеген күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып кирүүгө тыюу салынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында К4 экологиялык класстан төмөн автомобиль бензинин жана дизель отунун өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салынат.". Киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат: "Ушул Мыйзам 2023-жылдын 12-августунан күчүнө кире турган 1-берененин 3-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктун так эмес (туура эмес) түшүнбөө максатында төмөнкүдөй редакция сунушталууда:
"Чарбалык максаттар үчүн атмосфералык кубулуштарды жасалма өзгөртүүгө багытталган аракеттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.".
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча төмөнкүлөрдү белгилеп кетүүгө болот.
"Экологиялык экспертиза жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына ылайык экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн максаты калктын саламаттыгын камсыздоо болуп саналат, бирок сунушталган редакцияда бул көрсөтүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат: "Экологиялык экспертиза болжолдонгон чарбалык жана башка иштердин калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизе турган мүмкүн болуучу жагымсыз таасиринин алдын алуу максатында жүргүзүлөт.". Мындан тышкары экологиялык экспертиза жүргүзүү процессинде белгиленген ишти негиздөөчү документтердин жана/же документациялардын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги белгилениши керек. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат: "2-берене. Экологиялык экспертизанын максаттары Экологиялык экспертизанын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- белгиленген чарбалык же башка иштердин калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизе турган мүмкүн болуучу жагымсыз таасиринин алдын алуу;
- экологиялык экспертизанын объектин ишке ашырууга байланыштуу белгиленген чарбалык жана башка ишти негиздөөчү документтердин жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин белгилөө.".
4. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоору мамлекеттик жөнгө салуунун ишкердик ишке тийгизген таасирин азайтууга багытталгандыгы, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөндүгү белгиленген.
Бирок берилген материалдарда жөнгө салуучу таасирин талдоо жок. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору кабыл алынбайт.
5. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү, бир айдан кем эмес болот. Коомдук талкуулоонун мөөнөтүн эсептөө ченемдик укуктук актынын долбоору жарыялангандан кийинки күндөн тартып башталат. Ошондой болсо да, берилген негиздеме-маалымкатка ылайык Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтында жайгаштырылат. Ушуга байланыштуу аталган Мыйзамдын 23-беренесинин талаптарын аткаруу зарыл.
6. Мыйзамдын долбоорунда "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына өзгөртүү киргизүү каралган, мында Мыйзамдын долбоорунун сунушталган редакциясынын тексти салыштырма таблицадагы текстке дал келбегендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Экологиялык экспертиза жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
- "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун Методикасы" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому…Методика · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон