# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 633 "Дем алыш күндү которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 633 "Дем алыш күндү которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 633
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157623>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20440/edition/1146148/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157623.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 633 "Дем алыш күндү которуу жөнүндө" токтому (30.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157623

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 30-декабры № 633 Дем алыш күндү которуу жөнүндө Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү - 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнүн - 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
