# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 97 "2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 97 "2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157615>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20433/edition/1028608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157615.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 97 "2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (20.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157615

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 20-февралы № 97 "2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1 .Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө 1-берене. Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июлунда кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстан тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 97 токтому менен жактырылган

2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу 2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (мындан ары - Протокол) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июлундагы № 261-б буйругу менен жактырылган жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июлунда Казакстан Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасына расмий иш-сапарынын жүрүшүндө кол коюлган. Протокол менен 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, ага ылайык документтердин тизмегинен 16 жашка чыга элек балдар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына жана Казакстан Республикасынын жарандыгына таандыгын көрсөтүүчү, анын негизинде Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймагына кирүү/чыгуу жүзөгө ашырылуучу маалым кат - кошумча барагы менен (сүрөтү менен) туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алып салуу боюнча өзгөртүүлөр сунушталган. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка кесепеттерди, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
