# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 572
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20426/edition/1075067/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157604.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө" токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157604

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 19-ноябры № 572 Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 53, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн ишке ашыруу, бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү жана бажылык контролдоону оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталуучу жоболорго ылайык маалыматтык системаларды колдонуу менен товарларга жана транспорт каражаттарына карата өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырат.";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 24-пункт менен толукталсын:

"24. Өткөрүү пункттарында тез бузулуучу продукциялар жүктөлгөн транспорт каражаттарын өткөрүүгө убакыт белгиленет. Бул убакыт бир сутка ичинде бир сааттан кем болбоого тийиш.".

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги 2021-жылдын 1-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна маалыматтарды, анын ичинде тышкы экономикалык иштердин катышуучулары бажы органдарына берүүчү алдын ала маалыматтарды жыйноо жана талдоо тартибин ичине камтыган опурталдарды башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизишсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 53 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-декабрындагы № 99 (3171) жарыяланды

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
