# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 563
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157598>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20422/edition/1099381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157598.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157598

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 13-ноябры № 563 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Өзгөчө кырдаалдардын жана/же согуштук абалдын шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо жана киргизүү жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:

- 57-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу," деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына киргизилген өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу маселелери, өзгөчө жана/же согуштук абалдын режимин камсыз кылууга тийиштүү маселелери," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 1-декабрындагы № 98 (3170) жарыяланды

Премьер-министр

С.Н. Жапаров
