Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 19-июну № 349 "2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Караңыз: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4053-VI "2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 1-берене. 2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашуу төмөнкүдөй эскертме менен ратификациялансын: "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашуунун 7-беренесинин жоболору Кыргыз Республикасына ал Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына толук укуктуу катышуучусу катары киргенден кийин жайылтылат". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 349 токтому менен жактырылган
2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 339-б буйругу менен жактырылган жана 2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде төмөнкүдөй эскертме менен кол коюлган: "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашуунун 7-беренесинин жоболору Кыргыз Республикасына ал Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына толук укуктуу катышуучусу катары киргенден кийин жайылтылат". Макулдашуу менен Евразия экономикалык бирлигинде баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын ички рыногунун иштешине карата укуктук негиздер жана талаптар аныкталат. Ушул Макулдашууну ратификациялоо 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин негиздерине ылайык келген, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин атаандаштык артыкчылыктарын түзүүгө жана баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу максатында алардын өз ара аракеттенүүсүнө багытталган өз ара пайдалуу соода-экономикалык механизмдерин түзүүгө мүмкүндүк берет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Аталган Макулдашууну ратификациялоо бюджеттен финансылык чыгымдарды, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерди алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4053-VI "2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл…Постановление · 25.06.2020 · № 4053-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 4198-VI "2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана…Постановление · 02.12.2020 · № 4198-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-декабрындагы № 4254-VI "2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана…Постановление · 16.12.2020 · № 4254-VI
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылпын 13-сентябрындагы № 339-б (Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр…Распоряжение · 13.09.2019 · № 339-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4053-VI "2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл…Постановление · 25.06.2020 · № 4053-VI
- 2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр…Закон · 27.01.2021 · № 18
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон