# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 289
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157579>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20411/edition/1234354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157579.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157579

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-июну № 289 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык) Билим берүү уюмдарын өзгөчө кырдал/өзгөчө абал режими шартында аккредитациялоо маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 201-пункт менен толукталсын:

"201. Аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында же ал жеткис күчтүн жагдайлары жаралганда Агенттик тарабынан төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга жол берилет:

- мурунку аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн 6 айдан ашык эмес мөөнөткө узартуу жөнүндө;

- аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүүнү 6 айдан ашык эмес мөөнөткө жылдыруу жөнүндө;

- Агенттик тарабынан аныкталган тартипте дистанттык технологияларды колдонуу менен онлайн режиминде аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө.".

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 189 "Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын:

"171. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында же ал жеткис күчтүн жагдайлары жаралганда аккредитациялоо жөнүндө сертификат бербестен, мурдагы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн 1 жылга шарттуу узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга жол берилет. Мурдагы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим билим берүү уюмунун арызынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечими менен кабыл алынат.".

4. Ушул токтом 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 3-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
